Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөр убактылуу жабылат
3812
                                    
                                    
                                                                     Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий иш сапарына байланыштуу 11-12-октябрда Бишкекте жана Чүйдө айрым жолдор убактылуу жабылат. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жолдор кортеждер өтүүчү убакытка гана жабылат.
Төмөнкү жол тилкелеринде кыймылга убактылуу чектөө киргизилет:
- "Манас" аэропортунан (Фучик көчөсү) Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Чүй кең көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Манас жана Ч. Айтматов кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин;
- Байтик Баатыр көчөсүнүн мамлекеттик резиденциядан А.Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- И.Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов кең көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
- Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин.
Башкармалыктан киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежелерин жана жүрүм-турум маданиятын сактоону айдоочулардан суранат. Ошондой эле шаар боюнча жана "Манас" аэропортуна чейин кыймылды алдын ала пландап алууну сунуштайт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/8797                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            