Алымкадыр Бейшеналиев жаңы кызматка дайындалды
5047
                                    
                                    
                                                                     Экс-саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Алтын балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аны кызматка дайындоо боюнча буйрукка Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Жаркынбек Касымбеков кол койгон. Алымкадыр Бейшеналиев 20-августта "Алтын балалык" ЖАКтын жамаатына тааныштырылат.
Буга чейин Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/7992                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            