Кыздардын атасы арызданган. Жалал-Абадда кыздарын урган энеге кылмыш иши ачылды (видео)
5842
                                    
                                    
                                                                     Интернетке кызын жаакка чаап жаткан эненин видеосу тарады. Андан аял "жап оозуңду" деп кызын катар-катар жаактан алганын көрүүгө болот.
Бул окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алганын облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.
Башкармалыктын маалыматына караганда, окуя 28-июль күнү саат 10:00 чамасында болгон. Анда Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында 1985-жылы туулган Х.Н. аттуу аял 18 жана 12 жаштагы кыздарын эч себепсиз уруп койгон.
Бул окуя боюнча кыздардын атасы (1974-жылы туулган О.Ж.) милицияга арызданган. Топтолгон материал "Үй-бүлөлүк зомбулук" болуп катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/7750                                    
                                
                            
 
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            