Баткенде чек арачылардын ортосунда атышуу болду
6330
                                    
                                    
                                                                     Кыргыз-тажик чек арасында чек арачылардын ортосунда атышуу болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, бүгүн, 3-июнда саат 12:00дөр чамасында Баткен районунун Ак-Сай тилкесинде Тажикстан менен чектеш жерде эки мамлекеттин чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон.
Азырынча жабыркагандар барбы, жокпу белгисиз.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/6927                                    
                                
                            
 
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            