Эльвира Сурабалдиевага Жогорку Кеңештин депутаты мандаты тапшырылды
3515
                                    
                                    
                                                                     Борбордук шайлоо комиссиясы Эльвира Сурабалдиевага Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды.
Ал 27-февралда өткөн шайлоодо Биринчи май округунан утуп чыккан. БШК бүгүн Сурабалдиевага кызматтык күбөлүгү менен төш белгисин тапшырды.
Ал эми Свердлов шайлоо округунан жеңүүчү аныктала элек. Боршайком эң көп добуш алган Абдурахманхаджи Муртазалиевди добуш сатып алган деп айыптап жеңишин жокко чыгарган. Талапкер бул чечимге макул болбой, сотко кайрылды.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/5948                                    
                                
                             
                 
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            