БШК бир нече талапкерди каттоодон баш тартты. Алар кимдер?
4068
                                    
                                    
                                                                     Борбордук шайлоо комиссия 1-февралда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон төрт жаранды каттоодон баш тартты.
Төмөнкүлөр катталган жок
№29-Свердлов округу боюнча:
- Асанбеков Жаныбек Асанбекович - Жогорку билими тууралуу документтерди жана шайлоо залогун төлөгөндүгүн тастыктаган документерди алып келген жок.
- Керимбеков Бакыт Макенович - шайлоо залогун тастыктоочу документти алып келген жок.
- Мамбеталиев Данияр Нурланович - шайлоо залогун тастыктоочу документти алып келген жок.
№27-Биринчи май округу боюнча:
- Жоробеков Азаматбек Жолборсович - Жогорку билими тууралуу документтерди жана шайлоо залогун төлөгөндүгүн тастыктаган документерди алып келген жок.
Эске салсак, эки округ боюнча кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Үгүт иштери 7-февралда башталып, 26-февралда бүтөт. Азыркы күндө 37 жаран өз талапкерлигин койду.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/5409                                    
                                
                            
 
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            