Депутаттар Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин шайлашты
3149
                                    
                                    
                                                                     12-январда депутаттар Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин шайлашты.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Талайбек Масабиров билдиргендей, 90 бюллетень даярдалып, 87 бюллетень берилди, үчөө калды, экөө бузулду.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган үч талапкер вице-спикер болушту:
- "Ишеним" - Нурбек Сыдыгалиев - 74;
- "Ата Журт Кыргызстан" – Жамиля Исаева – 74;
- "Элдик" депутаттык тобу - Нурланбек Азыгалиев - 38;
- бир мандаттуу депутат - Улан Примов (Алай району) - 59;
- баарына каршы - 1.
Шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин төрага Талант Мамытов орун басарларын анын жанындагы орундарга отурууга чакырды. Вице-спикерлер кесиптештерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти. Исаева "Ата Журт Кыргызстан" фракциясына депутаттар ишеним артып, аны бул кызматка көрсөткөнү үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирди.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/5131                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            