Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев экинчи жолу шайлоодон утту
4052
                                    
                                    
                                                                     Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев 80,1% добуш алып, президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин БШКнын башчысы Зайниддин Низамходжаев билдирди.
"Өзбекстандын Либерал-демократтар партиясынан талапкер Шавкат Мирзиёев үчүн жалпы шайлоочулардын 80,1%ы добуш берди", - деди Низамходжаев дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында.
Экинчи орунда 6,6% менен Өзбекстандын Элдик демократиялык партиясынын төрага орун басары Максуд Варисова, үчүнчү орунда 5,5% менен "Миллий тикланиш" улуттук-демократиялык партиясынын төрагасы Алишер Кадыров турат. Ал эми төртүнчү орунду 4,1% менен Экологиялык партиянын лидери Нарзулло Обломурадов, акыркы орунду 3,4% менен "Адолат" социал-демократиялык партиясынын ("Адилет") төрагасы Бахром Абдухалимов ээледи.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/4062                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            