Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди
3157
                                    
                                    
                                                                     Ички иштер министрлигинин башчысынын буйругу менен ыкчам топтор түзүлүп, алар Баткен облусунун Лейлек районуна жөнөтүлгөн. Бардык тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүштүн 527 материалы каралды. 330дан ашык экспертиза дайындалып, анын ичинде өрт-техникалык, жарылуучу, баллистикалык, медициналык да бар. Учурда экспертизалардын жыйынтыгы 50% даяр. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшеналиев маалымат жыйында билдирди.
"Экспертизалар боюнча бардык корутундулар даяр болгондон кийин, тииешелүу адамдардын фамилиялары ачык айтылат, азырынча аларды атай албайм", - деди Дүйшеналиев.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/3984                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            