Бакиев учурунда генпрокурор болуп турган киши Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышат
4296
                                    
                                    
                                                                     Кыргызстандын мурунку генералдык прокурору Элмурза Сатыбалдиев бир мандаттуу система боюнча Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышат. Ал №12, Өзгөн аймагынан шайлоого катышуу үчун жокументтерин тапшырган.
Элмурза Сатыбалдиев 1966-жылдын 13-мартында, Ош облусунун Мырза-Ака айылында туулган. Улуттук университеттин юридикалык факльтетин аяктаган.
2007-2009-жылдары Кыргызстандын баш прокурору болуп, 2009-2013-жылдары Кыргызстандын волейбол федерациясынын жетектеди.
2014-жылы кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2010-жылдын 7-апрельдеги окуялары боюнча соттолгон. 2019-жылы Октябрь районунун соту соттолгондугун жойгон.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/3728                                    
                                
                             
                 
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            