Бир партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын жарыялады
4024
                                    
                                    
                                                                     "Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын" саясий партиясы БШКга 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартканы жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө билдиришти.
Партия шайлоого катышуу үчүн күрөө коюудан биринчи баш тартты. Эскерте кетсек, бул 1 миллион сомду түзөт.
Партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин БШКга 13-октябрга чейин тапшырышы керек.
Эске сала кетсек, каттоо үчүн акыркы тизмеге 72 саясий партия калган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/3675                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            