Айгүл Жапарова "Славян базары" фестивалынын ачылышына катышты
2858
                                    
                                    
                                                                     Биринчи айым Айгүл Жапарова 11-июлда Беларусь тараптын чакыруусу боюнча ардактуу мейман катары "Витебскдеги Славян базары" XXXIII эл аралык искусство фестивалынын ачылышына катышты.
Салтанаттуу иш-чараны Беларустун президенти Александр Лукашенко ачты, андан соң белгилүү аткаруучулардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт болду."Славян базары" - 1992-жылдан бери Витебск шаарында жыл сайын өтүп келе жаткан эл аралык искусство фестивалы.Белгилесек, Айгүл Жапарова маданий иш-чараларга катышуу үчүн 10-июлда Беларусь Республикасына барган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/16626                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            