Караколдо жаңы жол жарым жылга жетпей бузулган. Прокуратура иш козгоду
2411
                                    
                                    
                                                                     Караколдо реконструкцияланган жол жарым жылга жетпей бузулган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалып, 6 айга жетпей бузулган. Мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом зыян келитирилгендиги аныкталган.Бул факты боюнча 337-берене менен ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/13392                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            