Жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды
6239
                                    
                                    
                                                                     Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илмм министрлиги маалымдайт.
2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталды.
Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди "Абитуриент онлайн" электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.
ЖРТнын электрондук талону менен өтүнмө берүү:
- I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
- II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
- III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
- IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.
Жогорку окуу жайларга онлайн режиминде кабыл алуу нускамасы:
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: theconversation.com.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/13210                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            