УКМК: Ысык-Көлдө Royal Beach мейманканасындагы жерлер боюнча сот мыйзамсыз чечим чыгарган
2783
                                    
                                    
                                                                     УКМК тарабынан Ысык-Көл райондук соту тарабынан 2015-жылы мыйзамсыз чечим чыгарылганы аныкталды. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, сот Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан RoyalBeach мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүүгө негиз болгон чечим чыгарган.
Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/12282                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            