Бишкекте таштанды ташыган унаа күйдү. Сүрөт
2348
                                    
                                    
                                                                     Бишкек шаарынын Ленин районунда таштанды ташыган унаа күйүп кетти. ӨКМнын маалыматына караганда, жабыркагандар жок.
Кабарлангандай, бүгүн, 11-майда К.Акиев менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды ташуучу унаадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 11:52де толук өчүрүлдү.Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/12171                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            