Бишкекте тогуз класстын окуучулары COVID-19 жугузушту. Бардыгы онлайн окутууга жөнөтүлдү
2724
                                    
                                    
                                                                     Бишкекте тогуз класстын окуучулары кайрадан онлайн форматта окууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Kaktus.media редакциясына мэриядан билдиришти.
Муниципалитет берген маалыматка ылайык, коронавирустук инфекцияны жугузуу себептерине байланыштуу төмөнкү мектептердин класстары жабылды:
- №6-орто мектептин 1- жана 3-класстары;
- №28 орто мектептин 11-классы;
- №67 орто мектептин 3- жана 9-класстары;
- №66 орто мектептин 11-классы;
- №52 орто мектептин 3- жана 4- класстары
- №26 орто мектептин 4-классы.
Эсиңерге сала кетсек, февраль жана март айларында, борбордук мектетпрде 1,2,3,4,5,9,11-класстар салттуу окутуу форматына өтүшкөн болчу. Ал эми 6,7,8,10-класстар онлайн окутууну улантышууда. Мэрия бардыгын 12-апрелден тартып онлайн окутууга жөнөтмөкчү болгон, бирок бир күндөн кийин чыгарган чечимин өзгөртүп, үйдөн эки эле күн 12-13-апрелде окушат деп маалымат таратты. Анткени шайлоодон кийин мектептер санитардык обработкадан өткөрүлөт.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/1212                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            