Түркиянын Кахраманмараш провинциясында акыркы эки күндүн ичинде төрт жер титирөө болду
2349
                                    
                                    
                                                                     Акыркы эки күндө Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында дагы төрт жер титирөө катталды. Бул тууралуу Anadolu жазды.
Түркия өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана алдын алуу башкармалыгынын (AFAD) маалыматы боюнча:
- 24-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:10до күчү 4,4 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Нурхак аймагындагы жердин 15,5 км тереңдигинде болгон;
- 25-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:39да күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Экинозю аймагындагы жердин 7 км тереңдигинде болгон;
- Жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:33тө күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Гөксүн аймагында болгон;
- Элбистан аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Курмандыктар жана кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.
Башкы сүрөт: иллюстрациялык
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/11133                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            