Талас районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды
3927
                                    
                                    
                                                                     Талас районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими бүгүн, 30-январда алынды. Суу каптоо коркунучу жоюлганына байланыштуу жарандык коргонуу комиссиясы киргизилген чектөөнү алды дешет ӨКМдан.
Белгиленгендей, Айдаралиев айыл аймагынан аккан Каракол суусу тоңуп, жалпысынан 50 турак жайдын короо-сарайын суу каптоо коркунучун жараткан. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн Көпүрө-Базар айылындагы суунун нугун тазалоонун жалпы узундугу 2500 метрди түзүп, суу каптоо коркунучу толугу менен жоюлду.Ал эми тазалоо иштерин аткарууга Талас райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, Токой чарба кызматынан 2 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 5 кызматкер ЖЧК "Альянс Алтын" жоопкерчилиги чектелген ишканасынан 1 экскаватор тартылган.
            
                Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:            
                                    
                +996 (700) 62 07 60.
                                
                                        
                                    
                                        url:                                    
                                    
                                        https://shailoo.kaktus.media/10121                                    
                                
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                            